• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда кылмыштуулук азайдыбы?

4 Жетинин айы 2022 16:17 Бишкек Govori.TV

Акыркы тогуз ай ичинде өлкө аймагында кылмыштуулук 48 пайызга азайды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12 пайызга, алдамчылык боюнча фактылар 23 пайызга, коомдук жайда жасалган кылмыштар18 пайызга төмөндөгөн.

Жол кырсыктары сегиз пайызга азайып, каза болгондор 21 пайыз, жаракат алгандар беш пайыз төмөндөгөн.

Мониторинг ишинин жардамы менен жалпы эки миңден ашык кылмыштарды болтурбай алдын алууга үлгүрдүк. Үй-бүлөлүк зомбулук кылмыштары 13 пайыз, зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын саны 15 пайызга азайган.

Количество просмотров: 149