Кыргызстанда банкта эмгектенген 2 кызматкерге коронавирус жуккан. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 8-майдагы эртең мененки онлайн маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып билдирди.
2 кызматкер тең «РСК банк» банкынын кызматкерлери. Алардын бири Бишкек шаарында (эркек киши). Ага бейтап менен байланышканда оору жугуп, учурда айыгып ооруканадан чыккан.
Экинчи бейтап Жалал-Абаддын Чаткал районундагы филиалдын кызматкери.
Буга чейин министрдин орун басары Чаткалда маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда массалык түрдө оору жукканын айткан болчу