• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланды

24 Жалган куран 2020 15:23 Бишкек Govori.TV

Күн тартибиндеги негизги маселе – президенттин Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлыгын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезксиз жыйынында белгилүү болду.

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койду.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы өсүп жаткандыгына байланыштуу дүйнөдө, ошондой эле Кыргызстанда түзүлгөн татаал кырдаалды белгиледи.

Жогорудагы аймактарда өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин жарлыктарына кол коюлуп, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнү айтылды.

Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилери, аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлөрү айтылды.

Мыйзам боюнча, президенттин айрым аймактарда өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыгын Жогорку Кеңеши үч күндөн кечиктирбей өзүнүн токтому менен бекитүүгө же аны жокко чыгарууга тийиш.

Количество просмотров: 87