• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанда жана дагы бир нече өлкөдө жер титирегени сезилди

22 Жалган куран 2023 2:40 Бишкек Govori.TV

21-март кечке маал Афганистанда магнитудасы 6,5ке жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа Жер ортолук деңизи сейсмологиялык борборунун (EMSC) сайтында кабарланды.

Маалыматтарга ылайык, жер титирөө Кыргызстандын аймагында да сезилген. Ар аймакта жашаган жарандар социалдык тармактарга жер титирегенин жазышууда.

ЖМКлар Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия жана Пакистанда дагы жер силкингенин жазышууда.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.

Количество просмотров: 407