Кыргызстандын балбандары Түркияда өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Yasar Dogu&Vehbe Emre эл аралык турнири 7-марттан 11-мартка чейин Анталья шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча төмөнкү балбандар барары анык болду:
Грек-рим күрөшүнөн:
Кыз-келиндер күрөшүнөн:
Эркин күрөштөн:
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков менен башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев, кыз-келиндер боюнча улуттук кураманы башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков менен машыктыруучу Билимбек Капарбек уулу, эркин күрөш боюнча улуттук кураманы улук машыктыруучу Сүймөнкул Таабалды уулу, башкы машыктыруучу Руслан Мажинов жана 23 жашка чейинки балбандардын улук машыктыруучусу Ислам Тазабеков коштоп барат.
Yasar Dogu&Vehbe Emre — Түркияда жыл сайын өтүүчү эл аралык рейтингдик мелдеш болуп саналат. Турнир Дүйнөлүк күрөш уюму менен биргеликте уюштурулат. 2023-жылы 21-июндан 25-июнга чейин өткөрүлгөн.