• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кыргызстандык Дастан Шаршеев кикбоксинг боюнча Орто Азиянын чемпиону болуп аталды

13 Аяк оона 201813:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.09.2018.Govori.TV.

Кыргызстандык Дастан Шаршеев кикбоксинг боюнча Орто Азиянын чемпиону болуп аталды. Бул маалыматты КРнын кикбоксинг боюнча федерациясы таратты.

Белгилүү болгондой , 12-сентябрда Ташкент шаарында профессионалдуу кикбоксинг боюнча турнир өтүп ,ага “Гермес Профи” (Кыргызстан) MA PRO (Өзбекстан) командалары катышкан. Жыйынтык 3:2 эсебинде ата мекендик команданын пайдасына чечилди.

“Каршы беттешүүдө Дастан Шаршеев “Азия чемпиону” титулун жеңип алды” – деп билдирди федерация. Спортчу социалдык баракчасына баардык жардам бергендерге, жакындарына ыраазычылык билдирди.

“ Баарыңыздарга ыраазычылык, бул бойго даярданууда чоң жардам көрсөттүңүздөр! Дастан сиздер менен, Алга Кыргызстан!” – деп билдирүү калтырган спортчу.

Количество просмотров: 56