• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстандык куткаруучулар жумуштан кийин автобуста уктап бара жатышат (видео)

12 Бирдин айы 2023 16:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кахраманмарашта узакка созулган издөө-куткаруу операциясынан кийин автобуста уктап бара жаткан куткаруучулар тартылган видеону жарыялады.

Автобуста кыргызстандык куткаруучулар түнкү узак нөөмөттүү куткаруу иштеринен кийин эс алуу үчүн лагерге баратышат.

Учурда Түркияда Кыргызстандын 67 куткаруучусу куткаруу иштерин жургүзүүдө. Алар урандылардын астынан 16 жаштагы баланы, 22 жаштагы кош бойлуу кызды жана 7 жаштагы баланы аман-эсен куткарышты.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Азыркы учурда каза болгондор 24 миң 617 адамга жетип, жабыркагандар 80 миңден ашканы маалымдалды.

Количество просмотров: 1116