• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык кызды Санкт-Петербургда терезеден ыргытышкан

4 Аяк оона 202410:28 Бишкек Govori.TV

 Орусиянын Санкт-Петербург шаарында көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан бир кыз кулаганын жергиликтүү ЖМК жазган.

Алардын жазганына караганда, окуя 3-сентябрга караган түнү шаардын Москва районуна караган көп кабаттуу үйдө болгон. Адегенде алтынчы кабаттын терезесинен кызды ыргытып жиберишип, андан ары аны машине менен алып кетүүгө аракет жасалган.

Кыйноого кабылган кыз бийиктиктен кулагандан кийин аман калган, бирок ушу тапта өтө оор жаракаттар менен реанимацияда жатат. Бул кызды терезеден ыргыткан үч адам — эки эркек менен бир аял кыргызстандык экендигин полиция аныктаган. Ал эми алар ыргыткан 21 жаштагы кыз дагы кыргызстандык болгон. Ал башынан, көкүрөгүнөн, ичинен, колу-бутунан оңбогондой жараат алып, бир жамбашы сынып, мээси да чайкалган.

Бул кылмыштын чоо-жайы териштирилүүдө, кылмыш ишин козгоо иштери да жүрүп жатат.

Количество просмотров: 407