Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча өткөн дүйнөлүк кубокто Кыргызстандын курама командасы 13 медаль жеңип алды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, команданын эсебинде 13 медаль бар: 2 күмүш жана 11 коло. Мелдешке 14 өлкөдөн 250дөн ашык спортчу катышты.
64 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалдарды Саяк Бараканов (күжүрмөн самбо) менен Адилет Кубаныч уулу (спорттук самбо) жеңип алышты.
Кыргызстандык спортчулар башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев менен улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилигинде катышты.