• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык тасма Индиядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

6 Жетинин айы 20199:37 Бишкек Govori.TV

Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк» тасмасы Индиянын Калькутта шаарында өтө турган кинофестивалдын атайын сынактан тышкаркы бөлүгүндө көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Кинофестиваль 8-15-ноябрь күндөрү болуп өтүп, көрүүчүлөргө жалпы 60тан ашык өлкөнүн 300дөн ашык тасмасы көрсөтүлөт.

Аталган фестиваль 1995-жылдан өткөрүлүп келет.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 89