• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Кыргызстандын аймагында жер титиреди

19 Үчтүн айы 202111:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-январда саат 08:28де Кыргызстандын аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Жаңы-Тилек айылынан түндүк-чыгышка 4 чакырымда, Баетов айылынан түндүк-батышка 7 чакырымда, Нарын шаарынан түштүк-батышка 95 чакырымда жайгашкан.

«Жер титирөөнүн күчү Жаңы-Тилек, Баетов, Байгенчек айылдарында 3 баллга, Ак-Чий, Терек айылдарында 2,5 баллга сезилди»,-деп айтылат маалыматта.

Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 71