• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын алгачкы журналист кыздарынын бири Сулуубек Токсобаева дүйнө салды

1 Бугу 2020 15:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын алгачкы журналист кыздарынын бири Сулуубек Токсобаева 91 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Сулуубек Токсобаева 1929-жылы Сокулук районундагы Жыламыш айылында туулган. 1946-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 1949-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде иштөөдөн баштаган. Кыргыз сатирасына кыз-келиндерден биринчилерден болуп баш оту менен кирип, журналист – сатирик катары таанылган.

Ал республикалык «Чалкан» журналында 30 жылдан ашык иштеп, далай куйкум сөздүү фельетон, сатиралык аңгемелери менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Ал Москвадагы журналисттердин V съездине делегат болуп катышкан.

Сулуубек Токсобаева эмгеги элге бааланып, райондук советке депутат, республиканын басма сөз органдарындагы көп жылдык жемиштүү иши жана эмгеги үчүн СССР жана Кыргыз Республикасынын Жогорку кеӊешинин Ардак грамоталары менен, ошондой эле «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» мамлекеттик медалы менен сыйланган.

1983-жылы балдар үчүн «Эки таранчы» китеби жарык көргөн, «Табам, чагам», «Айланкөчөк» аттуу китептерде аӊгемелери жарыяланган. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ардагерлер кеӊешинин мүчөсү болгон.

Govori.TV агенттиги маркумдун
бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Количество просмотров: 93