• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Кыргызстандын дарыгерлери кайрылуу жасашты

1 Теке 202015:55 Бишкек Govori.TV

COVID-19 илдети менен күрөшкө жогорку жана орто билимдүү медициналык кызматкерлерди ыктыярдуу түрдө мобилизациялоо зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандагы дарыгерлердин кайрылуусунда айтылат.

Алар Саламаттыкты сактоо министрлигине медик-волонтерлордун кыймылын түзүүнү сунуштайт.

«Республикалык штаб эл аралык медициналык коомчулук менен сүйлөшүп, коронавирус менен күрөшкө тажрыйбалуу дарыгерлерди тартуусу керек», — дейт медиктер.

Инфекциялык бөлүмдөрдө иштеген медкызматкерлер үчүн онлайн окутууларды жүргүзүү сунушталууда.Кыргыз дарыгерлери саясый партиялардан шайлоого чыгымдардан баш тартып, акчасын дарыгерлерге коргоочу кийимдерди алып берүүгө, бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылууга чакырат.

«Коомчулукту жамааттык, үй-бүлөлүк иш-чараларды азайтып, санитардык талаптарды кармоого чакырабыз», — дейт дарыгерлер.

Количество просмотров: 3521