• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кыргызстандын экономикасы жыл башынан бери начарлап кетти

12 Бугу 202114:55 Бишкек Govori.TV

Быйылкы январь-апрель айларында Кыргызстанда ички дүң өнүм (ИДӨ) 166,1 миллиард сомду түздү. Бул көрсөтүч былтыркыга салыштармалуу 3,8 пайызга аз. Мындай маалыматты бүгүн, 12-апрелде Улуттук статистика комитет билдирди.

«Кумтөр» кениндеги ишкананы эске албаганда, ИДӨнүн көлөмү 148 миллиарддан ашык сомду түздү жана 1,1 пайызга көбөйдү.

ИДӨ — өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде 618 млрд сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд сомдон, 2018-жылы 569 млрд сомдон жогору болгону такталган.

Количество просмотров: 155