• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи солгундады

11 Аяк оона 2019 12:22 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын августунда өткөн айга салыштырмалуу экономиканын өсүү темпинин бир аз солгундаганы Улуттук статистика комитети белгиледи

Ички дүң продуктуну, алдына ала баалоо боюнча, 2019-жылдын январь-августунда 334 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2018-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 6,2
пайызга өстү.
«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсептебегенде, 2019-жылдын январь-августунда ИДП 298 миллиарддан ашык сомду түздү жана 3,0 пайызга өстү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 169 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2018- жылдын январь-августуна салыштырмалуу 17,0 пайызга өстү, бул негизинен металл өндүрүүнүн
(42,7 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн (36,1 пайызга), металл рудаларын казуунүн (27,6 пайызга), чийки мунайзат жана жаратылыш газынын (15,6 пайызга), химиялык продукцилардын (11,2
пайызга), ошондой эле көмүр казуунун (6,2 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен болду.

Айыл чарбасында, анда анын көлөмдөрүнүн өсүшү 1,6 пайызды түздү, курулушта – 7,8 пайызга, дүң жана чекене соода тармактарында — 4,9 пайызга өсүшү менен оң тенденциялар катталды.
Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып (өткөн жылдын декабрына салыштырганда) керектөөчү баалар жана тарифтер жалпы республика боюнча 0,3 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып (өткөн жылдын декабрына салыштырганда) Ош шаарында (1,1 пайызга) жана Талас облусунда (0,1 пайызга) керектөөчү баалардын жана тарифтердин төмөндөгөнү байкалган. Муну менен катар, баалардын эң жогорку өсүшү (2,0
пайызга) Баткен облусунда катталды, анда башка региондорго салыштырмалуу, тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (4,7 пайызга), ошондой эле Ысык-Көл облусунда
(2,0 пайызга), анда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге (4,6 пайызга) баалардын өсүшү катталган. Кызмат көрсөтүүлөргө карата баалардын жана тарифтердин Нарын облусунда (2,5
пайызга), азык-түлүк эмес товарларга — Ысык-Көл облусунда (0,3 пайызга) максималдуу өсүшү белгиленген.


Республиканын тышкы соода жүгүртүүсү, алдына ала маалыматтар боюнча, 2019-жылдын январь-июлунда 3,8 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 6,9 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 9,1 пайызга
көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 11,8 пайызга кыскарды.


Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2019-жылдын январь-июлунда 1,4 млрд. АКШ долларын түздү жана 2018-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 9,5 пайызга азайды. Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөрдүн 20,1 пайызга, ошондой эле импорттук келип түшүүлөрдүн 6,1 пайызга төмөндөгөнү белгиленди. Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россига (59,9 пайызы) жана Казакстанга (37,9 пайызы) туура келди.

Количество просмотров: 80