• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстандын футбол курамасын Штефан Таркович жетектейт

24 Чын куран 2023 16:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович болду. Бул тууралуу өлкөнүн футбол союзунан кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 24-апрелде Кыргыз футболдук союзунун (КФС) аткаруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусун бекитүү маселеси каралган. Курама команданын башкы машыктыруучусу кызматына эң ылайыктуу 5 талапкер тандалган.

Жыйынтыгында КФС Аткаруу комитетинин чечими менен Словакиядан келген адис Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилди.

Улуттук кураманын 50 жаштагы жаңы машыктыруучусунун УЕФА Pro машыктыруучулук лицензиясы жана Кыргызстандын курама командасын жетектөө үчүн жетиштүү тажрыйбасы бар.

Количество просмотров: 37