• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын курамасы Сингапурду 2:1 эсебинде жеңди

8 Кулжа 202222:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июнда өткөн Кыргызстан менен Сингапур беттешинде «Ак шумкарлар» атаандаштарын 2:1 эсебинде жеңди.

Оюнда алгачкы болуп эсепти Сингапур командасы ачкан. Ал эми экинчи таймдын 30-мүнөтүндө кыргыз курамасынын капитаны Кичин пенальтиде эсепти 1:1ге теңесе, көп узабай Виктор Майер эсепти 2:1кылды.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионундо өтүп, ага 7 миңден ашуун жаран күйөрмандык кылууда.

Эсе салсак, 8-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары башталды. Азия кубогуна жолдомо үчүн Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт. Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштады. Ага чейин 16 команда катышып келген.

Количество просмотров: 179