• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мурдагы элчи Аттокуровдун сөзү боюнча үн катты

15 Аяк оона 2020 17:21 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Райымкул Аттокуровдун «Правда.ру» порталындагы маегинде айткан сөздөрүндө олуттуу негиз жок. Аттокуров орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Жана Кыргызстан – көз каранды эмес, эгемен мамлекет экени белгиленип, эл аралык мамилелердин толук укуктуу катышуучусу болуп саналары, өлкөдө орус тили мамлекеттик эмес, расмий тил экени эскертилген.

Элчилик коомчулукту, кыргыз диаспораларынын уюмдарын лидерлерин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы ой-пикирлерин жарыялоодон алыс болууга чакырган.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Райымкул Аттокуров орусиялык маалымат агенттиги менен болгон маегинде «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү тууралуу сөз болуп жатканын» айткан. Бул жалпы кыргыз коомчулугунда нааразылык жаратты.

Количество просмотров: 77