• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү 4 млрд 169,6 млн долларды түздү

15 Аяк оона 2020 17:12 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 31-июлуна карата мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү 4 млрд 169,6 млн долларды түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик карызды 2020-жылдын аягына чейин тейлөөнү убактылуу токтотуу тууралуу иштер жүргүзүлүп келүүдө.

«16-июнь күнү Париж клубунун мүчөлөрү менен «Өз ара түшүнүшүү жөнүндө» Меморандумга кол коюлуп, анын жыйынтыгында ушул жылдын май айынан декабрь айына чейин Париж клубунун кредиторлорунун алдындагы карызды тейлөө убактылуу токтотулду. Ошондой эле ушул жылдын ичинде Сауд Өнүктүрүү фонду, Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт фонду, Түркиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алардын алдындагы карызды тейлөө убактылуу токтотулду. Ошону менен бирге Кытайдын Экспорттук Импорттук банкы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар тараптан 2020-жылдын аягына чейин карызды тейлөө убактылуу токтотуулары тууралуу макулдук берилди. Бул чара Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 35 млн долларды же 2,6 млрд сомду үндөөгө мүмкүндүк берди», — деди ал.

Количество просмотров: 46