Кыргызстандын виза саясаты жаңыланды жана жакшыртылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Маалыматта айтылгандай, министрликтин демилгеси менен «тышкы миграция жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, андан кийин КР КМ «чет өлкөлүк жарандардын КР аймагында болуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 10.10.2023-ж. № 541 токтому кабыл алынган.
«Мыйзамсыз мигранттарды «көмүскөдөн» чыгарууга жана Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстерди тартипке келтирүүгө мүмкүндүк берди, бул өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү», — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги консулдук өкүлчүлүктөрү кеңейтилген.
Министрликтин маалыматына ылайык, КР жарандарын КР түндүк-чыгыш аймактарынан репатриациялоо боюнча «Айкөл» гуманитардык миссиясынын 5 этабы ишке ашырылып, анын натыйжасында 432 Кыргыз Республикасынын жараны (129 аял, 303 бала) мекенине кайтарылган.
Ал эми 2023-жылдын 6-7-февралында Түркия Республикасынын аймагында (Анкара, Анталия, Аланья) катталган катуу жер титирөөдөн жабыркаган Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы чет өлкөлүк мекемелери менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жарандарына ыкчам жардам көрсөтүлүп, 150 кыргыз жараны эвакуацияланды.
Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын аймагындагы 30 жаранын Астана жана Ташкент шаарлары аркылуу мекенине кайтарылган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын 6 жараны Судандан, ошондой эле 4 кыргыз жараны Палестинадан эвакуацияланды. Мындан сырткары 2 кыргыз жаранды Ирактан кайтарылды.
2023-жылдын 5-октябрынан 15-октябрына чейинки аралыкта Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык экспедицияны ишке ашырууга жардам көрсөтүлдү.
Гуманитардык миссиянын жүрүшүндө 617 адамга (836 адамдын ичинен) медициналык жардам көрсөтүлгөн, Бадахшан облусунун Вахан районунун 26 тургуну текшерүүдөн өтүп, дары-дармек менен камсыздалган, 700дөн ашык малга ветеринардык жардам көрсөтүлгөн, Чоң Памирден 5 үй-бүлөгө (30 адам) азык-түлүк, Чоң Памирдин тургундарына 600 кг жакын дары-дармектер жана 380 кг ветеринардык дары-дармектер сатылып алынган жана өткөрүлүп берилген.
Консулдук кызматтардын бардык тизмесин санариптештирүү процедурасы аяктады.
РФ жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан кыргызстандыктарды КРге которуу боюнча КР жана РФ компетенттүү органдарынын өз ара аракеттенүүсүн интенсификациялоого көмөк көрсөтүлдү.
2024-жылдын 1-январына карата РФтен КРге 74 соттолгон КР жараны (2022 – жылы-33 адам) которулду, 42 соттолгон мекендештер этаптоо стадиясында.