• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Кыргызстанга Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри келди

5 Жетинин айы 2021 12:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-ноябрда Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Михаэль Линхарт ЕБ-БA биринчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Михаэль Линхарттын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында анын өлкө жетекчилиги, КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуусу пландаштырылган.

Белгилей кетсек, Михаэль Линхарт КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча келди.

Количество просмотров: 120