Бишкек. 29.10.2018. Govori.TV
Орусиянын Новосибирск облусундагы 4 баланы Кыргызстанга алып келип, балдар үйүнө тапшырылды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, алар 6-7 айлык ымыркайлар болгон. Учурда аларды өз ата-энелерине өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө.
«Ата-энелердин балдарынан баш тартуусуна көпчүлүк учурда туруктуу жашаган жери же кандайдыр бир себептер менен балдардын никесиз төрөлүшү себеп болот», — деп айтылган маалыматта.
Ошондой эле, аталган мекеменин маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери ата-энеси камкордук кылуудан баш тарткан 89 бала өлкөгө кайтарылса, алардын ону 2018-жылы алып келинген.