«Кырк чоронун» лидери жана «Баарына каршы» элдик кыймылынын мүчөсү Замир Көчөрбаев менен «Чоң Казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев түз эфир учурунда уруша кетишти. Натыйжада Жапыкеев эфирден кетип калган.
Белгилей кетсек, түз эфирдеги талкуу блогер Канышай Мамыркулованын ютуб каналында болуп, катышуучулар «Баарына каршы болсок эле башкача жашап калабызбы?» деген теманын алкагында сөз кылып жатышкан.