• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кышкы жылытуу сезонунда ТЭЦтен чыккан көмүрдүн түтүнү коркунучту жаратат

12 Аяк оона 2019 11:35 Бишкек Govori.TV

«GreenEnergy’нин» төрайымы Анара Султангазиева кышкы жылытуу сезонунда адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизген бир катар факторлор тууралуу маалымат жыйынында айтып берди.

Султангазиева айтып өткөндөй ТЭЦтен чыккан көмүрдүн түтүнү, унаалардын түтүнү бул факторлордун алдында турат.

«Биз ден соолугубузду ойлошубуз керек, булганган аба менен биз, биздин балдарыбыз дем алып жатат.

Ошол эле унаалардан чыккан түтүн туура эмес бузулган майлардын кесепетинен болуп жатат. Бузулган майлар Кыргызстанга көп кирет десек болот. Майлар биздин ден соолугубузга эле таасири тийбестен, өлкөнүн экономикасына да терс таасирин тийгизип жатат.

Дегеним, статистикага байланыштуу өлкөгө башка жактан кирип жаткан майлардын ар бир төртүнчү литри аткезчилик жол менен келет экен»,- деди ал.

Ал эми абанын бузулуусу жалпысынан алганда 90% унаалардан болуп жатканы кошумчаланды.

Количество просмотров: 71