• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кышында свет өчөбү?

23 Тогуздун айы 2018 18:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.10.2018.Govori.TV.

Быйыл кыргыз тарап  өзбек мамлекетине мурдакыга салыштырмалуу аз көлөмдөгү электр энергиясын экспорттогону маалым болду.

Мындай жагдайда өзүбүздүн өлкө аймагында кыш мезгилинде электр энергиясын берүү туруктуу болобу деген суроого көпчүлүк кызыктар.

Кышында эч кандай чектөө болбоору менен бирок, ар кандай кырсыктарды алдын ала албастыктарын белгилешти. Ал эми Кубатбек Боронов кандай болгон күндө да кышкы мезгил эч үзгүтүксүз электр энергиясы менен камсыз болоорун жана түрдүү кырдаалдарга даярдыктарын айтты.

Мурдакы жылдары деле баарына даярбыз деген менен кээ бир аймактарда маал-маалы менен свет өчүп үнөмдөө кирчү. Ал эми быйыл берилген убадалар ишке ашабы аны убакыт көрсөтөт.

Количество просмотров: 46