• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

23 Бирдин айы 202415:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында — Бедел айылынан 36 чакырым түштүк-чыгышта, Ыштык айылынан 41 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 4 балл, Ыштак айылында жана Кумтөр кенинде 3 баллга жеткен.

Количество просмотров: 1565