• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кытайда каза болгон кыргыз жаранынын сөөгү мекенине алып келинди

23 Чын куран 20219:17 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-апрелде эртең менен Кытайда кырсыкта каза болгон 1999-жылы туулган КРнын жараны Ш.Б.нын сөөгү мекенине жеткирилди.

Маалыматка ылайык, Ш.Б.нын туугандарына КРнын Пекиндеги элчилиги тарабынан тиешелүү консулдук-укуктук жардам, ошондой эле маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө байланыштуу башка зарыл жардам көрсөтүлүп, ал процедура катуу карантиндик чектөөлөр шартында жана түз эл аралык аба каттамдар болбогон учурда ишке ашырылган.

Количество просмотров: 297