Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел каптап, табигый кырсыктан улам төрт адам каза таап, 10 адам дайынсыз болууда.
Маалыматтар боюнча, Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги билдиргендей, кеминде 110 миң адам эвакуацияланып, 25 миң 800дөй киши коопсуз жайларга көчүрүлгөн.
Суу ташкыны Кытайдын калк жыш жайгашкан, тактап айтканда, 127 миллионго жакын адам жашаган провинциясында болгон.