• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кытайдагы шаарды кумдуу бороон каптады (Видео)

27 Теке 202111:13 Бишкек Govori.TV

Кытайдын түндүгүндө жайгашкан Ганьсу провинциясын кумдуу бороон каптады. Окуяга күбө болгондор жаратылыштын бул кубулушун социалдык тармактарга жарыялашты.

Бийиктиги 100 метрден кем эмес катуу кумдуу бороон шаарды тез эле басып, жол кыймылы буулган.

Окумуштуулар мындай көрүнүш күн абдан ысыганда пайда болорун айтышкан. Бактыга жараша, жаратылыштын бул кубулушунан адамдар жабыркаган эмес.

Количество просмотров: 3176