• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кытайдан Кыргызстанга келгендер коронавирусту текшерүү шарттарына нааразы

31 Үчтүн айы 2020 12:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавируска каршы иш-аракеттердин алкагында Кытайдан Кыргызстанга келген жарандарды тыкыр көзөмөлгө алып, текшерүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкен.

Ал эми айрым жарандар буга нааразы болушууда. Алсак, «Твиттер» колдонуучусу Арина Арпачиева нааразы болгон билдирүүсүн өздүк баракчасына жазган.

«Биз Кытайдан келдик. Ага чейин 3 аба майдандан 28378328 жолу текшерүүдөн өткөнбүз. Кордай менен чектешкен жерден биздин температурабызды кайрадан текшеришти. Андан кийин эч кандай шарты жана жылуулугу жок буска салышты. Биз 11 адам элек, бирок унаа 6-7 адамга эсептелген. Мейли биз, бирок балдар, Кантка жеткиче үшүп, ыйлап, ачка болушту. Кээ бирлери өзүнүн автоунаасы менен келген. Бирок дарыгерлер баарыбызды бул кутуга тыгылып отурубузду айтышты. Мындай көрүнүштүү көрүү аябай оор болду. Канттагы жугуштуу оорулар ооруканасына барганда биздин дене табыбызды өлчөп, жөнөтүп жиберишти. Короновирусту текшергендери ушубу?»- деп жазган колдонуучу.


Количество просмотров: 290