• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кытайдан тышкары 27 өлкөдө коронавирус жугузгандар катталды

24 Бирдин айы 2020 10:17 Бишкек Govori.TV

Кытайда чыккан коронавирус башка да өлкөлөргө тарап жатат. Алардын айрымдарында адам өмүрүн алган учурлар да катталды.
Алсак, Италияда вирустан эки адам каза болду. Италиянын түндүгүндөгү Ломбардия аймагынын губернатору Аттилио Фонтана вирусту жуктургандардын саны 89 адамга жеткенин билдирди. Өлкөнүн түндүгүндөгү 20 шаар карантинге алынды. 50 миңдей адамга бийлик үйдөн чыкпоо тууралуу эскертүү берген. Карантинге алынган аймактарды көзөмөлдөө милдети азырынча полицияга жүктөлдү. Бул аймактарда мектептер жабылды, футбол боюнча Италия чемпионаты баш болгон спорттук иш-чаралар токтотулду.

24-февралдагы расмий маалыматтар боюнча Түштүк Кореяда коронавирустан акыркы суткада дагы үч киши көз жумду, кечээ төрт киши оорудан набыт болгону кабарланып жаткан. 763 киши ооруну жугузган. Бул бир сутка мурдагыга караганда, 161 учурга көп.

Ал эми коронавируска байланыштуу Венециянын бийлиги салттуу карнавалдын акыркы эки күнүн дүйшөмбүгө караган түндө токтотту. Бул күндөн тартып, шаардагы бардык эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынат.

Вирустун очогу болгон Кытайдын өзүндө оорудан 2442 адам өлдү. Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясынын маалыматына караганда, 23 миң киши оорудан айыгып чыккан. Жалпы өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын саны 77 миңге жакындады.

Кытайдан тышкары 27 өлкөдө коронавирус жугузгандар катталды.

Количество просмотров: 488