• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кытайдын Хубэй провинциясынын жашоочуларына үйүнөн чыгууга тыюу салынды

17 Бирдин айы 2020 14:48 Бишкек Govori.TV

Былтыр жыл аягында коронавирустун жаңы түрү, Covid-19 чыккан Кытайдын Хубэй провинциясынын жашоочуларына үйүнөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Interfax.ru Гонконгдун South China Morning Post басылмасына шилтеме келтирип жазат.

Маалыматка ылайык, провинциянын администрациясы аймактын тургундарына үйүнөн чыгууга тыюу салган. Ал талапты бузгандар 10 күнгө чейин камакка алынышы мүмкүн.

Андан тышкары, жолдордо полиция, куткаруучу жана тез жардам кызматтарынын унааларынан башка жөө адамдар жана башка унаалар болбошу керек. Эреже бузгандарга камакка алуу, 500 юань айыппул же айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу каралган.

Количество просмотров: 156