Кытайдын «Жунда» заводу киргизген уулуу затты Кыргызстан чыгара албай жатабы?
Кытайдын «Жунда» заводу киргизген уулуу затты Кыргызстан чыгара албай жатабы?
26 Аяк оона 201810:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.
«Жунда» заводу өлкөгө Кытайдан уулуу зат киргизип кеткен. Кыргыз өкмөтү аны артка кайтара албай жатат.
Бул маалыматты Жогорку Кеӊеш жыйынында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов билдирди.
«Өлкөгө киргизилбеши керек болгон уулуу зат киргизилип кетиптир. Аны кайра Кытайга кайтара албадык. Кытай тарап «ошол жактан эле жок кылып берсеӊер» деп маселе койду. Биз аны Улуттук илимдер академиясына берсекби деп жатабыз, анткени илимий изилдөө иштерине керек экен. Азыркы тапта уулуу зат кампада сакталып турат», — дейт жетекчи.
Айрым эл өкүлдөрү аталган уулуу зат адам ден-соолугуна өтө коркунучтуу экенин айтып, бул маселени тез аранын ичинде чечүү керектигин эскертишти.
Эске салсак, «Жунда» — Кара-Балтада Кытайдын инвестициясына курулган мунайды кайра иштетүүчү заводу.
100 сомго менчиктештирилген… Кеминдеги завод мамлекеттин менчигине кайтарылды
Чүй облусунун Кемин районунда мыйзамсыз именчиктештирилген Кыргызстандын химия-металлургиялык комбинатынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул …