Кыз ала качууга шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-декабрда милицияга 20 жаштагы кыз кайрылган. Анын айтымында, 18-декабрда Аламүдүн районунун Васильевка айылында аны бейтаныш 2 адам унаага салып, Маевка айылына алып барышкан. Ал жерге молдону чакырышып, нике кыйдырууга аракет кылышкан. Кыз макул болбогондо, аны Беловодск айылына алып барып, камап турушкан.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (никеге туруу максатында ала качуу) менен каттоого алынып, Москва районунун 1989-жылы туулган А.М. жана 1994-жылы туулган С.Н. аттуу тургундары убактылуу кармоочуга жайга киргизилген.
Учурда тергөө жүрүп жатат.