• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Кыздарды сойкулук кылуу үчүн БАЭге алып барган өзбекстандык аял кармалды

7 Бирдин айы 2022 15:02 Бишкек Govori.TV

Адам сатуу айыбы менен издөөдө жүргөн өзбек жараны Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) мекенине депортацияланды. Бул тууралуу Интерполдун Өзбекстандагы бюросу кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2013-жылдан бери Интерполдун эл аралык издөөсүндө жүргөн шектүүнү БАЭ полициясы кармаган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал кыздарга айлыгы көп жумуш убадалап, Бириккен Араб Эмираттарына алып барган. Ал жерден алардын паспортторун алып коюп, өздөрүн сойкулук менен алектенүүө мажбурлаган.

Количество просмотров: 190