• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыздарды сойкулукка мажбурлаган аял Омандан Ташкентке экстрадицияланды

6 Тогуздун айы 2023 13:03 Бишкек Govori.TV

Омандын баш калаасы Маскат шаарында адам сатууга шектелип кармалган өзбекстандык аял Ташкентке экстрадицияланды. Бул тууралуу Интерполдун Өзбекстан Ички иштер министрлигиндеги улуттук бюросу билдирди.

Өзбекстанда адам сатуу үчүн издөөдө жүргөн аялды Оман султанатынын укук коргоо органдары кармаган. Ал 2022-жылы адамдардын тобу менен сүйлөшүп алып, кыздарга Бириккен Араб Эмираттары менен Оманда айлыгы жакшы жумуш убадалап, өлкөдөн чыгарып кетип турган.

«Ал жерге баргандан кийин шериктери менен кыздардын паспортторун күч менен тартып алып, аларды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап, убадаланган акчаны бербей келишкен», – деп жазылган Интерполдун билдирүүсүндө.

Анда кармалган аял Интерполдун эки өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн аракети менен мекенине экстрадицияланганы белгиленген.

Количество просмотров: 284