Кечээ 14-июлда селде кыздары менен агып кеткен 44 жаштагы келинди тааныгандар бир топ жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда миграцияда жүрүп, чоң кызын турмушка узатуу үчүн жакында Кыргызстанга келгенин «Азаттыктын» кабарчысына айтып беришкен.
Аны тааныгандардын айтканына караганда келиндин төрт баласы бар. Күйөөсү менен кенже уулу аман калып, аялды үч кызы менен сел агызып кеткен.
44 жаштагы келиндин сөөгү бүгүн 15-июлда Ак-Буура дарыясынан — Өзбекстанга жакын жерден табылды. Бир күн мурун 6 жашар кызынын сөөгү Өзбекстандын Анжиян облусунан, Шахрихансай деген каналдан чыккан.