• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

АКШда 10 жыл комада жаткан аялды зордуктады делген шектүү кармалды

25 Үчтүн айы 2019 16:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV

АКШда 10 жылдан бери комада жатып наристелүү болгон аялды зордуктады делген адам кармалды. Кармалган жаран бейтап жаткан оорукананын кызматкери болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 10 жыл бою комада жаткан бейтап дени-карды соо наристе төрөгөн. Ымыркайды аялдын туугандары багып алышкан. Бул окуядан кийин бейтапты караган дарыгер жумуштан айдалган. Ал эми ооруканада эмгектенген эркек кызматкерлер ДНК тест тапшырышкан. Анын натыйжасында зордуктоого шектелип 36 жаштагы Натан Сазерленд кармалган.

Кармалган жаран кылган иши боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. АКШнын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, кармалган жаран кылган иши тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартканга укуктуу. Натан Сазерленд 500 миң доллар акча төлөөгө милдеттендирилип, бошотулган.

Количество просмотров: 40