• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Лебединовка–ГЭС-5 жолу 4 тилкелүү болуп кеңейет

12 Жалган куран 202615:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолор жана асфальттын эски катмары толугу менен алынып, жаңыланган темир- бетон балкалары орнотулуп, кеңейтүү иштери жүрүүдɵ.

Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр жана байланыш линиялары жылдырылууда.

Аталган кɵпүрɵдɵ курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Лебединовка – ГЭС-5 жолундагы 0-360м тилкеси 15-февралдан 20-апрелге чейин убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле долбоордо жарыктандыруу, учурдагы чоң көпүрөнүн эки тарабынан тротуар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

Количество просмотров: 169