Лейлек РИИБдин милиция кызматкерлери Тогуз-Булак айыл аймагынын Кара-Булак айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.
Анда кылмыштуулукту алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
«Ушуга эле катар, бул айыл аймакта жайгашкан дүкөндөрдү кыдырышып, сатуучулар менен дагы жолугушуулар өткөрүлдү. 6 дүкөндүн ээлерине эскертүү актылары толтурулуп, дүкөндөргө видеокамераларды орнотууну сунушташты. Дүкөндөргө видеокамераларды орнотууну менен кылмыштарды бетин ачууга жана окуяларды алдын алууга мүмкүнчүлүк болоорун түшүндүрүштү»,-деп айтылат маалыматта.