• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Лексустун» 2,5 миң долларлык катализаторун чечип алгандар кармалды

16 Бирдин айы 2021 16:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында унаалардын катализаторлорун уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБнын басмасөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБна Д.К. аттуу жаран, арызы менен кайрылган. Анын арызында Бишкек шаарынын Горький жана Абай көчөлөрүнун кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайлардын биринде, белгисиз адамдар арыздануучуга тиешелүү «Лексус 400» үлгүсүдөгү автоунаасын белгисиз тарапка айдап кетип, 2500 АКШ долларга бааланган катализаторун чечип алышканы айтылган.

Аталган факты, кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып , кылмыш жаза кодексинин 200 (уурулук) беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Биринчи май РИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган С.А. жана 1990-жылы туулган К.М. кармалган. Алар кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийинчерээк Биринчи май райондук соту аларды үй камагына чыгарган.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр унаа жуучу жайга келген унаалардан 5 катализаторду чечип алганы аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган 2 адам ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.

Количество просмотров: 2496