• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ленин РИИБнин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

25 Бирдин айы 2022 17:44 Бишкек Govori.TV

Опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу түрдө көрүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын ИИББнын Ленин райондук ШИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын капитаны Ж.С.Т. чет элдик инвестордон акча талап кылып, алып жаткан жеринен кармалды.

Тергөөчү Ж.С.Т. 380 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМне жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган Түркиянын жараны Д.Ш. 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча каражатын талап кылган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ленин районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү Ж.С.Т. келип түшкөн арызды кароонун оң натыйжасы үчүн чет элдик инвестордон 250 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Количество просмотров: 176