• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Ленинградда маршруттук унаа жол кырсыгына кабылды. Ичинде Кыргызстандыктар болгон

27 Баш оона 2018 18:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.08.2018.Govori.TV.
Орусиянын Ленинград облусунда Mercedes үлгүсүндөгү маршруттук унаа жол кырсыгына кабылды. Ичинде Кыргызстандын жарандары болгон. Бул тууралуу «Life» басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, 7 киши жабыркаган, 3 жаран оор жараткат алышкан.
«Алдын ала алынган маалыматка караганда, маршруттук унаанын айдоочусу Санкт-Петербургга бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Натыйжада жолдун четине чыгып кеткен», —деп жазылат маалыматта.
Количество просмотров: 56