• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өлкө аймагында 70 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү 

21 Теке 2022 11:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда “Кара куурай” жана “Канал-Невский щит” аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу максатында 2 миң 23 адамдан турган 148 бригада түзүлүп, 2069 гектар жер изилденди. Анын ичинен 86 гектарда өсүүчү кара куурай орулуп, 70 тонна 118 килограммы өрттөө жолу менен жок кылынды.

Аталган иш-чаранын алкагында жети баңгилик кылмыш аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 14 кг 503 гр баңгизат жана психотроптук заттар алынды. Анын ичинен 11 кг 954 гр гашиш, 1 кг 671 гр психотропттук зат, 878 гр кара куурай табылды.

Количество просмотров: 91