• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

21 Тогуздун айы 202015:07 Бишкек Govori.TV

23-24-октябрда өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жааган жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым аймактарда секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын температурасы төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, түндүгүндө 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы
22-октябрда облуста түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаашы мүмкүн.

23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жана тоо этектеринде жаан, кар жааса, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал.

24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы күтүлсө, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз облуста жаан-чачын күтүлбөйт.

25-26-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-октябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жаашы мүмкүн.

23-октябрда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жааса, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

24-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, түнкүсүн жааган жаан күндүз карга айланышы мүмкүн.

24-октябрда күндүз жана 25-26-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар жааса, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ош облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жааса, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-26-октябрда облуста жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-октябрда облуста жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.

25-26-октябрда облуста жаан-чачын күтүлбөйт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

23-октябрда күндүз жана 24-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

25-26-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

23-октябрда күндүз жана 24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланса, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

25-26-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-28-октябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу.

27-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

28-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Количество просмотров: 365