• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өлкөдө психикалык жактан жабыр тарткандардын саны 53 миңге жеттти  

10 Тогуздун айы 2018 16:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV

Бүгүн  Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнү. Психикалык ден соолук күнү Бириккен Улуттар Уюму тарабынан белгиленүүчү эл аралык саамалыктардын катарына кирет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча планетада психикалык оору менен жабыркаган 450 миллиондон ашуун адам жашап келет. Бул күндү белгилөөнүн максаты — жогорудагы аталган ооруга коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

 Маалыматка ылайык, өлкөдө психикалык жактан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүп, аларды дарылаган адистердин саны жетишсиз. Ошондой эле өлкөдө психикалык жактан жабыр тарткандардын саны 53 миңге жеткен.
Ал эми Кыргызстанда болгону 145 психиатр бар. Бул тууралуу  Республикалык психикалык ден соолук борборунан бүгүнкү саамалыктын жүрүшүндө билдиришти. Бирок ошого карабастан ден соолугу чектелген жарандарга  көңүл бурууга жетишүүдө.
Количество просмотров: 16