• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкөдө сентябрда COVID-19га каршы эмдөө боюнча жалпы акция өтөт

26 Баш оона 202117:32 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө бир катар темалар талкууланды, анын ичинде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, калкты COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшү, COVAX механизминин жана башка эл аралык долбоорлордун алкагында вакциналар менен пландуу камсыздоо талкууланды.

Жылдыз Бакашова коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооруп жаткандардын күнүмдүк катталган санынын азайышы боюнча оң тенденцияны белгиледи, бирок ошол эле учурда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин милдеттүү түрдө сакталышын эске салды.

Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузгандарды аныктоо боюнча рейддерди улантуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата маданий иш-чараларды өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу COVID-19 пандемиясынан коргонуу шарттарын так сактоону камсыздоо тапшырылды. 

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары коллективдик иммунитетти калыптандыруу үчүн эмдөөнүн темпин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Республикалык штабдын мүчөлөрү тарабынан Кыргызстанда 1-10-сентябрда COVID-19га каршы эмдөө боюнча жалпы акция өткөрүү сунушталды. 

Количество просмотров: 118