• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өлкөдө соттордун иши убактылуу токтотулду

27 Жалган куран 202015:06 Бишкек Govori.TV

Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын соттору өз ишин убактылуу токтотот. Бул тууралуу 27-мартта Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай чечим Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын жетекчилиги менен өткөн видео кеңешмеде кабыл алынды.

«Ош, Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын, Чүй облустук жана Чүй район аралык сотунун иши бир жумага токтотулду. Бирок судьялар менен аппарат кызматкерлери кезектешүү менен иш жүргүзө берет»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдар 58ге жетти. 25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Количество просмотров: 170