• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон  кыргызстандыктарды сыйлоо аземинен фоторепортаж

10 Бирдин айы 2022 18:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-февралда, президент Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку жетишкендиктерге жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Сыйлыктар маданият ишмерлерине, мугалимдерге, экономисттерге, курулушчуларга, саламаттыкты сактоо системасынын, мамлекеттик кызматтын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, байланыштын, дене тарбия жана спорттун, айыл чарба тармагынын кызматкерлерине, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерине жана башка көптөгөн адамдарга ыйгарылды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө мейли аскер кызматчысы болобу, же айыл чарбасы менен энергетика тармагынын адамы болобу, мейли шаарыбыздын тазалыгын көзөмөлдөгөн ишкананын мээнеткеч жумушчусу болобу, же массалык маалымат каражатынын өкүлү болобу, адал эмгектенген ар бир адам коомду жакшыртууга салымын кошуп жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров биримдикти жана ынтымакты сактап, жапа тырмак иш кылсак, бабалар мурастаган мамлекеттүүлүгүбүздү, жерибизди, нускалуу элибизди өнүктүрүп-өстүрүп кетүү мүмкүнчүлүгүн туура пайдаланаларыбызды белгиледи.

Количество просмотров: 2175