• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Спортчуларды сыйлоо аземинен фоторепортаж

23 Баш оона 2021 16:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-августта Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада — 2020 оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Олимпиада катышуучуларына жогорку жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирип, 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндарында алтын медалдарды утуп келүүгө чакырды.

Мамлекет башчысы Олимпиада байге ээлерине II жана III даражадагы «Манас» орденин, акчалай сыйлыктарды жана Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага «Toyota RAV4» үлгүсүндөгү автоунааларын тапшырды.

Ошондой эле, Кыргызстандын курама командасынын Олимпиада оюндарындагы жогорку жетишкендиктерине кошкон маанилүү салымдары үчүн мамлекеттик сыйлыктар жана акчалай премиялар берилип, Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын бардык мүчөлөрүнө, машыктыруучулар, дарыгерлер жана спорттун бардык түрлөрү боюнча Федерацияларга ыраазычылык билдирилди.

Количество просмотров: 898